«Жөнөкөй киши жолдуу киши»

Адам деген өтө манчыркап, бой көтөрсө акыры жаман болоорун билесиңерби?..

Мына бул түлкү менен мышыктын окуясы дал ушул суроого жооп берет.

Бир түлкү менен мышыктын мамилеси абдан жакшы болчу. Бирок куу түлкү дайым эле мышыкты кемсинте берчү. Бир күнү түлкү бул мамилесин мышыкка ачык эле көрсөтүп:

— Ээ, сен чычкан кармагандан башка эмне иш кыла аласын деги? — дейт мыскылдап.

Мышык камырабастан:

-Кантип айтсам экен? Балким чындап эле башка иш жасай албастырмын.

— Аа, жо-жок, мен деген даракка чыкканды кыйын билем да, — десе түлкү кайра аны дагы мазактап:

— Ай кемпай десе, ошо да иш бекен!-дейт. Мышык бул айтылган сөздөргө абдан уялып кетет. Ал эми түлкү муну менен токтоп калбай, өзүнүн болгон жетишкендиктерин айтып:

— Охо, мен деген кыйынмын. Аң уулоодо мени менен ат салышаарга жан жок. Анчыдан көз боёп качканды мына менден үйрөн,-деп мактанат.

Муну уккан мышык түлкүгө карап:

— Ооба, сен чындап эле кыйынсын,- деп мактап коет.

Бирок мышык сүйлөп жатканда бир нерседен шектенгендей башын ары-бери чайкай берет. Түлкү мышыктын бул кыймылына аябай жинденет да:

— Мен сага эмнелерди айтып жатам. Бирок сен башынды ары-бери чайкап, мага кулак салбай жатасын, — деп кыйкырып жиберет.

Мышык шашкалактап:

— Ой жок, кулагым сенде. Бирок деген алыстан бир дабыш угуп жатам. Бул дабыштар чуркаган аттын, анан эки иттин үнү го…- дейт эки жагын каранып.

Түлкү болсо:

— Койчу ай, түш көрүп жаткан жоксунбу? — деп мактанууну улантат. Бирок мышык шектенип, аландай айланасын мойнун созуп карай баштайт. Мышыктын бул кылыгына түлкүнүн дагы жини келип:

— Аябай адепсиз турбайсынбы. Мен сага кандай сонун нерселерди айтып жатам, а сен болсо, эки жагынды карайсын эле карайсың,- дейт.

Анда мышык ага карап:

— Кечирип койчу. Угулуп жаткан үндөрдөн улам сага кулак сала албай жатам. Сен бул үндөрдү укпай жатасынбы? — дейт.

— Бир үн уккансып жатам. Бирок анчалык деле маанилүү эмес, -дейт түлкү.

Эки жакты элендей караган мышык:

— Кандай маанилүү эмес. Бул үн анчылардын үнү,- дейт да, шып этип даракка чыгып кетет.

Дал ошол учурда бир канча ит мышык менен түлкү турган жакка карап тызылдап чуркап келе жатышкан болчу. Аларды көргөн түлкү чалкасынан түшүп эси ооп кала жаздайт. Буларга жетип келген иттердин бири дарактагы мышыкты көздей асылса, кээ бирлери түлкүнү кууп жөнөшөт.

Мышык дарактын үстүндө коркунучтан алыс болсо, ал эми мактанчаак түлкү байкуш жаман абалда калат. Мышык аны дарактын башынан карап отурат да:

— Ээй, түлкү! Жанагы мактап жаткан жөндөмүндү эми көрсөтчү,- деп кыйкырат. Куу түлкү болсо айласыз абалда кайда качаарын билбей иттерге жем болгон экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Акылдуу дыйкан337
Ала-Тоо ‒ Ата Журтубуз305
Эненин журогу230
Акылдуу бала149
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)147
Акылдуу кыз жомок114
Атадан калган туяк (аңгемеден үзунду)67
Ким күчтүү61
КҮЧ БИРДИКТЕ ЖОМОГУ58
Билим алуу - Билимдин мааниси53

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.