«Өзүң да алдаба, башкалардын алдаганына да мүмкүнчүлүк бербе»

Илгери бир карып калган чоң эне болуптур. Бул чоң эненин бал челеги жана бир канча кою бар экен. Бир күнү бул чон эне алыскы айылда жашаган кызын жана неберелерин көргөнү жөнөйт. Аларга баратып неберелерине бир аз май жана кумганына бал куюп алат.

Ошентип жол жүрүп отуруп чоң эне аябай чарчап кетет. Анан дем алуу үчүн дарактын көлөкөсүн издей баштайт. Ошол учурда ал бирөөнүн сүйлөгөнүн уккандай болот. Ал жашыруун үн:

— Чон эне кайда бара жатасыз? — дейт.

Муну айтып жаткан куу түлкү эле.

Чоң эне:

— Ай түлкү, мага сүйлөгөн сенсинби? Мен кызыма жана неберелеримди көргөнү бара жатам. Алардын айылы алыс болгондуктан, бир аз дем алгым келди. Аларга бир аз май менен бал алып алдым. Алар буларды көрсө аябай сүйүнүшөөр, — дейт кудуңдап.

Куу түлку май жана бал деген сөздү укканда оозунан шилекейи агып кетет. Митайым түлкү: «Канткенде чоң эненин майы менен балын алам. Курсагымды кампайтып бир тойгузсам экен» деп ойлонуп, аларды алуунун айласын издей баштайт. Аңгыча айлакер түлкүгө бир ой келе калат. Анан ал унун жумшартып чоң энеге карап:

— Ой, чоң эне, сиз мага аябай жактыңыз. Сизге жардам бергим келип турат. Кааласаңыз колунуздагы жүгүнүздү көтөрүшкөнгө жардам берейин,- деп кууланып жардамын сунуш кылат.

Аран бара жаткан чон эне куу тулкунун амалын кайдан билмек эле. Байкуш ансыз деле аябай чарчап, жардамдашчу биреену издеп жаткан болчу. Ал түлкүнүн жардамын дароо эле кабыл алат да:

— Кудай жалгасын тулку! — дейт да, май менен бал салынган идиштерди тулкүгө карматат. Ошентип жол улап экөө жанаша басып женешет. Анан бир аз баскан сон, тулку чоң энеге:

— Чоң эне чарчадынызбы? Кааласаныз эми бир аз эс алыныз,- дейт.

Чарчап турган чоң эне да:

— Ооба түлкү, аябай чарчадым. Кел эс алалы, анан жолду улантабыз,-дейт.

Мына ушинтип алар дарактын көлөкөсүнө отуруп калышат. Анан экөө тең чарчагандыктан бир маалда уктап кетишет. Ошол учурда түлкү ойгонот да, май менен балды жеп, курсагын болушунча тойгузуп алат. Бир убакта чон эне ойгонот. Анан алар кайра жолун улантышат. Анан айылга жакындап калганда куу түлкү уруксат сурап:

— Чон эне, мен эми ушул жерде калайын. Сиз өзүнүз жетип алаарсыз. Айылга кирсем иттер талап салышат мени,- деп ошол жерде калып калат.

Чон эне байкуш эч нерсе менен иши жок кол булгалап тулкуну узатат.

Бир маалда чон эне колундагы идиштердин кандайдыр женил болуп калганын сезет. Ачып карайт да, көргөн көзүнө ишене албайт. Анан түлкүнүн алдаганын билип:

« Түлкү эбак эле менин сазайынымды берген экен да» деп кайгырып кала берет.

Мына ушинтип капаланган боюнча чоң эне айылга кирип барат. Неберелерине жеткенде башынан өткөн окуяны аларга айтып берет да:

— Ананайындарым менин! Эч качан таттуу сөзгө алданбагыла. Таттуу сөздү куу жана калпычы киши айтат. Буга силер таптакыр ишенбегиле,- деп акылын айткан экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)99
Алия менен жылкы60
Карышкыр менен эчки43
Карышкыр жана жети улак34
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок28
ЖАЛКОО21
Коён менен кирпи20
Кыска жана күлкүлүү жомоктор20
Акылдуу кыз19

Алданбоо — Чоң эне жана түлкү: 5 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *