«Жакшылык кылуу — бул бактылуулук»
Илгери-илгери бир замандарда алыскы өлкөдө бир падыша болуптур. Анын уч кызы бар экен. Алардын бирөөсү өз кызы, калган экөө өгөй кыздары эле. Падыша карыган сайын өз кызын кимге аманат кылаарын көп ойлончу болот.
Бир куну падыша ойлонуп отуруп: «Мен кызымды жакшы күйөөгө берсем, эн ишеничтүү болот» деп чечет.
Анан анын мээсинде: «Кызыма үйлөнө турган кишини кантип тандашым керек?..» деген суроо туулат.
Падыша бир жактан өзүнө күйөө бала боло турган экинчи жактан кызын аманат кылып таштай турган ишеничтүү жигитти кайдан табаары тууралуу ойлоно баштайт. Падышанын ою боюнча болочок күйөө бала өлкөнү башкара ала турган кыйын жигит болушу керек эле. Ал бул оюн кызына билдирет. Кызы макул болот да, падыша күйөө бала болууну каалоочуларга уч тапшырманы аткарууну жарлык кылат.
Эгер аткара алышпаса, анда камап коюш керек деген чечимге келет. Ошентип күйөө баланы издее башталат.
Жергиликтүү элдин арасында бир кишинин уч баласы бар эле. Алардын экөөсү күчтүү, бирок текебер, өз кызыкчылыктарын биринчи орунга койгон, башкасынын укугун көзге илбеген өзгөчөлүктөргө ээ болгон балдар болчу. Ал эми учунчусу болсо назик, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган, адамгерчиликтүү жигит эле. Ошондуктан аны «Назик жүрөк» деп атап коюшуптур.
Падышанын жарлыгы бул жигиттерге да жетет. Бул уч бир тууган ошол падышанын кызын алгылары келип, падышанын тапшырмасын аткаруу учун жолго чыгышат. Алгач карыянын эки уулу жолго чыгат. Алар жолдо баратышып, иштеп жаткан кумурскаларды көрүшөт.
Анан «Бир аз дем алганча ойноп алалы» дешип кумурсканын уясын бузуп салышат. Ойноп бутүшкөндө экөө андан ары жолун улашат. Жолдо бара жатышып көл жээгинде сузуп жүргөн өрдөктөрдү көрүшөт. Анан аларды таш менен уруп дагы ойной башташат. Бир маалда өрдөктөрдун баары учуп кете башташат. Алардын арасынан бир өрдөк уча албай калып калат. Көрсө анын канатына таш тийип, канаты сынып калган экен. Бул өрдөк жанагы эки жигиттен коркуп, камыштардын арасына жашынып калат.
Мына ушинтип эки жигит тентектик кылышып кайра жолун улантып кете беришет. Алар чон сарайга жакындаганда дарактагы аарынын уясын көрүп калышат. Булар аябай бал жегилери келип, ал аарынын уясын да бузуп салышат.
Ошентип жүрүп отурушуп акыр падышанын хан сарайына да жетип келишет.
Башка күйөө болчу жигиттердин арасында булар дагы падышанын тапшырмасын аткарууга катышышат. Бирок аны аткара алышпай камакка тушуп калышат.
Алардын камакка тушуп калганын уккан кичуу иниси, аларды куткаруу учун жолго чыгат.
Ал жолдо баратып агалары кордук көрсөткөн кумурскаларга жолугат. Анан алардын бузулган уясын ондоп, калыбына келтирет. Андан ары жүрүп отуруп көл жээгине келет. Ал жерден канаты сынган өрдөктү көрөт. Ага боору ооруп, чөнтөгүнөн жуз аарчысын алып чыгып, сынган жерин танат. Анан аны сакайтат.
Мына ушинтип жакшылык иштерин жасап келе жатып, кантип падышанын сарайына жакындаганын да сезбей калат. Падышанын сарайына жакындаганда агалары бузган аарылардын уясын да көрөт. Караса аарылар бузулган уяларын ондоп жатышкан экен. Жигит аарыларга жардам берип, алардын уясын да мыкты кылып ондоп коёт.
Ошентип ал падышанын сарайына кирет. Падыша ага да агаларына берген тапшырманы берип, анын алдына уч капты коёт да:
— Мына буларда буудай, арпа, жүгөрү аралаш. Ушуларды тан атканга чейин уч капка бөлуп салгын. Мына ушул тапшырманы аткарсан, анда кызым сеники, ала бер, — дейт.
Бала бул тапшырманы аткара албашын билет. Анан аябай капаланып жана ойлонуп жатып жолдо чарчагандыктан уктап калат. Эрте менен ойгонуп, алгач каптарды карайт. Мына кызык… Жигит көргөн көзүнө ишене албай коёт. Каптардагы дандарды ал уктап жатканда өзү уясын оңдоп берген кумурскалар өз-өзүнчө кылып бөлуп коюшуптур.
Муну көргөн жигит аябай кубанып, каптарды падышага алып барат. Падыша жигитке кийинки тапшырмасын берет.
Падышанын экинчи каалоосу көлгө ыргытылган ачкычты таап келүү экен. Жигит эми муну кантип аткарам деген убакта ага баягы канаты сынган өрдөк жардам берип, сууга чункуп кирип, ачкычты алып чыгып бериптир.
Падыша тапшырманы аткарган бул жигитке аябай тан калат. Себеби ошол кезге чейин бул тапшырмаларды эч ким аткарган эмес болчу.
Эми убакыт акыркы тапшырмага келип жетет. Падыша кыздарын жанына чакырат да, анан аларды жигитке көрсөтуп:
— Ушулардын бирөөсү менин кызым, аны тапсаң ага уйлөнөсуң,-дейт.
Жигит аябай капа болуп:
— Мына кызык ! Эми кантип падышанын кызын табам? деп, ойлонуп турган кезде кулагынын астында учкан аарынын:
— Вызз-вввыыззз- выызззз, оң жактагысы, выыз-вввыызз-выыззз, оң жактагысы, — деген унун угуп калат.
Анан жигит кубанып кетип:
— Оң жактагысы! — деп кыйкырып жиберет. Чындап эле он жакта турган падышанын өз кызы болчу. Кызын туура тапкан падыша жигитке ыраазы болуп, кызын «Назик жүрөк» деп аталган бул жигитке берип, калайык-калкты чакырып чон той өткөрөт.
Ошентип «Назик жүрөк» жигит ханышага үйлөнуп, көптөгөн бала-бакыралуу болушуп, бактылуу уй булөлөрдөн болуп жашап калышкан экен.
мага аябай жакты Чооң рахмат силерге