«Сага кылган жакшылыкты, кичине болсо да унутпа»

Өткөн бир заманда бир туткун кожоюнунан качып барып бир токойго барып жашынып калат экен. Ал ары-бери басып жүрүп, акыры онтоп жаткан бир арстанга туш келет. Алгач катуу коркуп кетет да, качып кетейин деп ойлойт. Бирок жаныбардын ордунан кыймылдай албай жатканын көргөндөн кийин, артка кайтып барып, арстанды жакшылап карайт. Көрсө арстандын бутунун асты шишип кетип баса албай жаткан экен. Арстан адамды көрүп, ошол шишиген бутун туткунду көздөй сунат. Туткун арстандын бутун жакшылап караса, тикен кирип, ошол тикен кирген жери шишип кетиптир.

Ошентип туткун арстанды бекем кармайт да, анын бутундагы тикенди сууруп салып, жараны жууп-тазалап, өзүнүн көйнөгүнөн тытып алып, жараны танып коёт. Буту жакшы болуп калган арстан, ордунан туруп, сүйүнүп, кудум эле күчүктөй болуп туткундун колун жалап кирет. Анан туткунду мойнуна отургузуп алып, жол улап жөнөйт.

Экөө жүрүп отурушуп, акыры шаркырап аккан суусу, жайкалган жашыл чөбү бар жерге токтошот да, ошол жерде жашай башташат. Арстан ар күнү ан уулап чыгып, алган эттерин туткунга алып келип берип, аны бага баштаптыр. Мына ушинтип алардын бактылуу күндөрү өтүп жатканда, бир күнү экөө тен колго түшүп калат. Экөөнү колго түшүргөн адамдар аларды карангы жерге ачка камап коюшат.

Бир канча күндөн кийин туткунду арстанга жем кылып берүү үчүн чоң аянтка алып чыгышат.

Аянтка миндеген эл чогулат. Аларды башкарган падыша да эли менен аянтка чыгып, алсыраган туткун жана ач калып аркыраган арстанды чон кызыгуу менен күтүшөт. Алгач аскерлер колдору байланган, алсыраган туткунду сүйрөп чыгышат. Анын артынан аркыраган арстандын үнү угулат. Бир топ убакытка чейин ачка жаткан үчүн астынан эмне чыкса да жеп салганга даяр турган арстан, дарбазадан аркырап эле чыга келет. Арстанды көргөн элдин баары коркконунан ордунан тура калышат. Анан ал алгачкы олжосуна карай чуркап барып, ушундай азууларын салаарда, туткундун жытынан таанып калат да, чөгөлөй жата калып, бутун жалап кирет. Бул окуяны көргөн эл да падыша да аябай тан калышат.

Арстандын эмне себептен мындай кылгандыгын көргөн падыша окуяны баштан-аяк билүүгө кызыктар болуп калат. Ал туткунду дароо жанына чакыртып, бул окуя жөнүндө сурап кирет. Туткун болгон окуяны башынан аягына чейин төкпөй-чачпай айтып берет.

Туткундун айтып бергендеринен падыша аябай таасирленет да, туткунду дароо бошотуп, азаттыкка чыгарылышына өкүм чыгарат. Арстанды болсо токойго коё берет.

Мына ушинтип кичинекей болсо да бирөөгө жасалган жакшылык каардуу падышаны чексиз таасирлендирип, жүрөгүн жибитиптир. Демек, баарыбыз чонбу же кичинеби, бирөөлөргө жакшылык кылганды унутпашыбыз керек.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы72
Сырдуу сака44
Көмөч нан (колобок) жомок19
Акылдуу балдар17
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)17
Ким күчтүү17
Бурана жөнүндө уламыш15
Акылдуу кыз жомок13
Кыска жана күлкүлүү жомоктор13
Балаты12

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *