«Жашоо кубанычын жоготуу, жашоону жоготкондон да жаман»

Илгери өткөн заманда капалуу бир ханзада жашап өтүптүр. Анын байлыгы десең байлыгы, ден соолугу десең ден соолугу, кызматчысы десең кызматчысы бар экен. Айтор, жыргал жашоого эмне керек болсо, баардыгы бар экен. Бир туугандары жана достору топтолушуп бирге ууга чыгышат, куурдак кууруп жешет. Бирок ханзада алардын эч бирине кошулбай бөлмөсүнө жашынып алып, кечке ойлоно берчү адаты бар экен.

Падышаны баласынын бул жоругу аябай ойлонтуптур. Бир күнү падыша ошол өлкөдө жашаган бир аалым кишиге келип, бул маселени чечүү жолун табуусун буйруптур. Маселени чечүү үчүн ал аалымга бир жума мөөнөт берет. Аалым ары ойлонот, бери ойлонот, бирок такыр чечүүнүн жолун таба албайт. Ушул себептен улам аалым өлкөдөн чыгып кетүүнү чечет.

Ошентип аалым жолдо падышага уят болгонуна капалуу бара жатып, тескейде мал багып жүргөн бир чабанды көрөт. Ал аны менен таанышып, көпкө чейин сүйлөшүп отуруп калат. Маектешүүдөн кийин чабанга аалым абдан жагып калат. Анан ал аалымды өзүнө жакын сезгендиктен малын ага таштап, айылдан тамак-аш алып келүүнү чечет. Аалымга кайрылып:

— Ага, сиз менин малдарымды карап туруңуз. А мен барып айылдан тамак-аш алып келип алайын. Бүгүн жаныма тамак-аш алганды унутуп калыптырмын,- дейт.

Аалым баланын айтканын кабыл алат. Анан ал малга жайытта көз салып отуруп, байдын баласына канткенде жардам берээрин кайрадан ойлоп кирет. Бир убакта аскада улагы менен оттоп жүргөн эчкини көрөт. Алар так асканын учуна барганда, улак капыстан сайга кулап кетет. Аалым улакка жардам бермекчи болот да, акырын сайга түшөт. Анан улакты артына байлап алып кайра өйдө көздөй чыкканга аракет жасап, тырмыша баштайт.

Бирок канча аракет жасаса да, чыга албай коёт. Ошентсе да аракет кылуудан баш тартпайт. Акыры кыйналып жатып сайдан жогору чыгат.

Мына ушинтип аалым улакка жардам берип жатып, падышанын берген буйругун да унутуп калат.

Аскага кайра чыккан соң анын оюна: «Мына карачы, адам ишти аткарууга ниеттенсе, аны эч нерсе токтото албайт тура. Болгону, жоопкерчиликти сезиши керек экен» деген ой келет.

Ал ошентип кайра өз өлкөсүнө келет. Келээри менен дароо падышага барыптыр да:

— Улуу урматтуу падышам! Баланыздын капасын жазгыңыз келсе, ага бир жоопкерчиликтүү ишти бериңиз. Ал аны ишке ашыруу үчүн аракет кылат. Натыйжада, баардык капасын, кайгы-мунун унутат да, кадимки жашоого кайтат. Жоопкерчилик канчалык маанилүү болсо, баланыз ошончолук ал ишти аткарууга тырышат. Мына ошондо өзүн бактылуу сезе баштайт,- деген экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)99
Алия менен жылкы57
Карышкыр менен эчки43
Карышкыр жана жети улак34
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок28
ЖАЛКОО21
Коён менен кирпи20
Кыска жана күлкүлүү жомоктор20
Акылдуу кыз19

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *