«Иштин майын чыгара жасаган адам эрктуу адам»

Илгери бир өткөн замандарда алыскы өлкөдө бир киши үч уулу менен жашаптыр. Ал кишинин үч баласы жана үйүнөн башка эч нерсеси жок экен. Бирок үйү абдан чон экен. Бирок киши балдарын жанынан артык жакшы көрчү.

Үч көпөлөк немец жомогу

Ал адам аябай картайып калгандыктан балдарына эмне мурас таштаарын билбей кыйналыптыр. Анткени бул адамдын жалгыз үйүнөн башка эч нерсеси жок болчу. Акыры анын оюна жакшы бир ой келет.

Бул оюн ишке ашыруу үчүн ал адам балдарын чакырып алып:

— Үчөөнөр тен өзүңөр каалаган кесипти үйренуп келгиле. Киминер кыйын кесипти уйрөнсөнөр ошонунарга ушул уйду мураска таштаймын,- дейт.

Атасынын бул айткандарынан кийин уулдары кесип үйрөнүү үчүн алыска сапарга чыгышат. Ар кимиси ар тарапка багыт алып, өз алдынча өздөрүнө жаккан кесибин үйрене башташат.

Улуусу чачтарач кесибин кыйын өздөштүрүп, барган жериндеги падышанын сарайында падышанын жеке чачтарачы болуп калат.

Ортончусу болсо дагы башка өлкөдө атка така какканды кыйын өздөштүрөт. Ага тээ алыскы жактардан адамдар аттарын алып келишип така кактырып кетишет.

Ал эми кичүүсу болсо колунда кылыч ойноткон, өтө кыйын жоокер болот. Өзу барган өлкөнүн падышасынын жана көрүнуктүү адамдардын балдарына кылыч менен салгылашканды уйрөтөт.

Үч бир тууган эми үйрөнгөн кесиптерин атасына кандай көрсөтөөрүн ойлонушат. Анан үчөө кайрадан жолугушушат да, чогуу атасынын жанына жөнөшөт. Алар айылына кирип, атасынын алдына келген кезде алардын алдынан уч чычкан чуркап чыгат. Улуусу аларды кармай калып, үчөөнүн тең жүнун тегиздеп салат. Атасы улуу баласына:

— Балам, азаматсың! Yйду сага берем,- дейт.

Кезек экинчисине келет. Ал кошуналардын басып бараткан аттарын токтотпостон эле баарынын буттарындагы эски такаларын чыгарып, алардын ордуна жанысын кагып чыгат. Аттар эч нерсе сезбестен эле жолун улай беришет.

Муну көргөн атасы кубанып:

— Азаматсың балам! Сен өз кесибинди аябай кыйын өздөштүрүптүрсүн. Уйумду сага калтырайын, — дейт.

Эми кезек эң кичинесине келет. Ал кантип өнөрүмду көрсөтсөм?..» деп ойлоно баштаганда асмандан шатырап жамгыр жаай баштайт. Бала дароо кылычын кабынан чыгарып агалары жана атасынын төбөсүнөн айланта баштайт. Жамгыр жаап буткөнчө эч биринин башына бир да тамчы түшпөйт. Алар баштарында кол чатыр тургандай сезишет. Атасы баласынын кылыч ойнотконуна өтө таң калып:

— Балам, мен сендей колунда кылычты кыйын ойноткон адамды көргөн жокмун. Кандай гана азамат жоокер болгонсун! Үй сеники-,- деп алкайт.

Ошентип балдарынын ийгилигине кубанган атасы балдары менен бирге ынтымакта жашап калат. Өмүрүнүн акыркы күндөрүнө келгенде ал үйүн үч уулуна тен бирдей таштап жаткандыгын айтып, көз жумган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Акылдуу балдар30
Кырк калп жомок25
Көмөч нан (колобок) жомок23
Карышкыр жана жети улак18
Коён менен кирпи18
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *