«Өзүнө каалабаган жамандыкты башкага да каалаба»
Бир чытырман токойдо бир тыйын чычкан жашаган экен. Анын жанындагы даракта анын коншусу да жашаптыр. Ал коншусу өзундөй эле тыйын чычкан болчу.
Бир куну токойдо экөө жолугушуп калышат. Тыйын чычкандын бири берки досун уйгө кечинде конокко чакырат. Конокко арнап даамдуу жангак шорпосун даярдайт. Экөө аркы-беркини суйлошуп отургандан кийин, тамакка отурушат.
Бир маалда кошунасы шорпону ооз тийгенден баштап эле чучкуруп кирет. Берки болсо, тиги чучкургөн сайын кыткылыктап күлүп, жыргап калат. Көрсө ал досунун тамагына кара мурч салып салган экен. Ошол мурч мурдуна жыттанып, аны чучкуртуп жатыптыр. Ал аябай досуна жини келет да, бирок досуна муну билдирбейт. Тамактанып бүткөндөн кийин ыраазычылык билдирип, коштошуп үйүнө кетет.
Ошентип арадан бир канча убакыт өтөт. Конокко чакыруу кезеги берки досуна келет. Ал атайын барып, досун конокко чакырат. Досуна арнап тобурчактан шорпо жасайт. Анан ал дагы досунун чынысына билдирбей кара мурч салып коёт. Ал дагы эми эле тамактан ооз тийгенде чүчкүрө баштайт. Үй ээси каткырып кулуп, ичин тырмап жатып калат.
Мына ошондо гана конокко келген тыйын чычкан баарын түшүнүп, өзүңө каалабаган жамандыкты башкага да каалабаш керек экендигин сезип, досунан кечирим сураган экен.