«Акылдуу жана бай болбосок да, ак ниет болушубуз керек»
Илгери-илгери улуу тоонун артында, адырлардын башында бир кембагал чабан жашаптыр. Ал ак эмгеги менен нан тапканда Кудайга дайым шугур келтирчү экен.
Бир күнү чабан адаттагыдай эле койлорун кек шиберде оттотуп жүргөн эле. Өзү таштын үстүнө чыгып алып, чопо чоорун тартып отурган болчу. Чабан чоорун тартуу менен бирге, айлананын жапжашыл түскө боёлгонун карап, өзүнчө суктанып жатты. Ошол учурда бир күркүрөгөн үн угулду. Чабан ордунан тура калып ары-бери жакты карады.
Бир маалда ал тоонун башы жагынан дөөлөрдүн тобу келе жатканын көрдү. Ордунан ыргып турду да, дароо койлорун топтоп алып, асканын астына жашырып, өзү дагы бекинди. Анан ал дөөлөрдүн кетишин күтүп отурду.
Бир убакта дөлөрдүн тобу аскага келишти да: «Ачыл аска, ачылгын деп кыйкырышты. Аска ачылып, дөөлөр ичкери кирип кетишти. Кайра көп өтпөй алар чыгышты да, аска кайра жабылды. Чабан бул көргөндөрүнө аябай таң калды. Ал үнкүрдүн ичинде эмне бар экен деп кызыга баштады.
Дөөлөр алыстап кетишти. Чабан акырын асканын түбүнө басып барды да, дөөлөр айткандай: «Ачыл аска, ачылгын! деп кыйкырды. Аска күркүрөп барып ачылды. Чабан болсо шашыла анын ичине кирди. Ал үңкүрдүн ичине киргенден кийин көргөн көздөрүнө такыр ишенген жок. Сандыктарда, кумгандарда толтура алтындар, кымбат баалуу таштар тим эле көз жоосун алат. Бул байлык дөөлөрдүн жыйнаган байлыгы экенине чабандын көзү жетти. Эч бирине колун да тийгизбей үңкүрдөн кайра чыгып, койлорун айдап алып кетип калды.
Бул учурда эң кичине дөө үңкүрдүн башында аны карап отурган эле. Дөөлөрдүн тобу кайра келгенде кичинекей дөө аларга болгон окуяны айтып берди. Алар анын айтканын толук укпастан дароо үнкүргө кирип, байлыктарын текшере башташты. Байлыктарынын баары кандай коюлган болсо туруптур. Дөөлөр: «Адам уулу мындай байлыкты көрүп кантип албай кетти?..» дешип аябай таң калышты. Анан ал адамды издемекчи болушту.
Эртеси күнү чабан адаттагыдай эле кой кайтарып жүргөн эле. Бир маалда ал дөөлөрдүн келе жатканын көрүп качууга кам урду. Бирок дөөлөр андан качпоосун суранышты. Анан алар чабандын жанына келишти. Дөөлөр: «Эмне үчүн үнкүргө киргенден кийин ал байлыктарга такыр тийген — жоксуң? Себеби эмне?» деп сурашты. Чабан аларды карап туруп тан кала:
— Анткени ал байлыктын мага тиешеси жок. Эмне үчүн өзүмө тиешеси жок нерсеге тийишим керек? — деп суроо менен жооп берди.
Дөөлөр чабандан бул жоопту угаарын күтүшкөн эмес болчу. Анткени алар: «Адамдар байлыкты аябай жакшы көрүшөт. Аны көргөн жерден алмайынча жен калышпайт» деп ойлошчу.
Дөөлөр чабандын ак ниеттигине өзгөчө таң калышып, ага татыктуу сыйлык берүүнү чечишти. Ага үнкүрдөгү баалуу таштардан берип, ар түрдүү белектер менен сыйлашты.
Мына ушул окуядан кийин ак ниет чабан кийинки өмүрүн байлык ичинде, жыргал жашоо менен өткөрүптүр.