Иран шахтарынын бири абыдан семирип, салмагы да оорлошуп кеткенден улам ден-соолугунан тынчсыздана баштайт. Шыпаасын издеп, болгон дарыгерлерди чакыртат. Алардан майнап чыкпайт. Шах семире берет.
Бир күнү ага акылдуу дарыгер келет.
– О шах, мен сизди айыктырам. Бирок сизге кандай дары тандоо керектигин ойлонууга мага үч күн мөөнөт бериң, – дейт.
Үч күн өтүп, дарыгер айтат:
– О шах! Тагдырың мага анык болуп калды, болгону кырк күндүк өмүрүң бар. Агер мага ишенбесең, мени караңгы капаска каматып коюп жазала.
Шах анан дарыгерди кырк күнгө каматат да, өзүн өлүм жөнүндө санаа басып, жегени желим, ичкени иримге айланат. Көңүл ачканды коёт. Элден обочолоп, атка да минбейт. Басса-турса оюнан өлүм кетпейт. Сары санаадан улам шопоюп арыктайт.
Кырк күн өтөт. Камактагы дарыгерди чыгарып келүүгө буйрук берет. Дарыгер алдына келет. Эмне үчүн али тирүүмүн дейт.
– О шах! – дейт ошондо дарыгер. – Болгон амалым – сени арыктатыш эле, башка аргам жок үчүн ушуга мажбурладым. Бөлөк дары таппадым.
Шах анан дарыгерди белек-бечкекке карк кылган экен.
Ката таптым аябай коп