«Чеги менен жеп-ичпеген адам өзүнүн душманы»

Илгери-илгери бир токойдо бир тулку жашаптыр. Ал бир куну түрдүү гүлдөрдүн арасында сейилдеп жүргөн эле.

Ошентип жүрүп ал кокусунан аарынын уюгун көруп калды. Көрөөрү менен оозунан шилекейин агызып, көзүн алайтып ошол тарапка карай жакындай баштады.

Анан бир заматта уюкка жетип барды да, уюкту колуна алып бутун бойдон оозуна салды. Анын ичиндеги аарыларга карабай аптыгып жеп кирди. Соргок тулку мына ушинтип уюкту колуна кармаган бойдон үйүнө жөнөдү.

Үйүнө келгенден кийин отуруп алып манжаларындагы куюлган балды тамшана жалай баштады. Уюктун ичиндеги аарылар болсо жан талашып кутулганга аракет кылып жатышты.

Бир маалда курсагы тойгон тулку чалкасынан жатып алып курсагын сылай баштады.

Так ушул маалда анын ашказаны ачыша баштады. Анан ийне менен сайгандай ошол жери сыздап кетти. Бир маалда ошол жери ушунчалык ачышып ооруп чыкты.

Тулку чыдабай «Ахх, уфф» деп кыйкырып жатты. Ооруга чыдай албаган тулку кумга жатып алып оонагысы келди. Анан араң басып сыртка чыкты. Кумга жата калып ооналактай баштаганда «какаганга муштаган» болуп курсагына учтуу сөңгөк да кирип кетти. Мынакей, ооруганды эми көр… Соргок тулкунун жаны ушинтип абдан кыйналып жатты.

Албетте, соргоктук кандай гана жаман нерсе. Чындыгында эле тамакты ченеми менен жеш бул жакшы адат. Ал эми тамакты соргоктук менен тое жеп алууда мына ушул тулку сыяктуу кыйналып калышыбыз мүмкүн.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок34
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Один комментарий к “Соргоктук — Соргок түлкү”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *