Көлмөнүн жанында чоң чиркөө бар болучу. Бул чиркөөгө такыбалар сыйынып, көлмөгө болсо малчылар жандыктарын сугарып, аялдар кир жуушчу.

Бир жолу бул көлмөдөн ай жаркырап көрүнүп турганда бирөө эшегин сугарганы келип, суудагы айга суктанып турду. Ошентип эшек суусунун кандыргыча шамал булуттарды айдап келип айды тосуп калып, айлана капкараңгы боло түштү.

Эшектин ээси мындан улам коркуп кетип, көлмөнүн боюнан минтип кыйкырган бойдон качып жөнөдү:

– Менин эшегим суу ичип атып айды жутуп жиберди! Эшегим айды жутуп алды!

Анын кыйкырыгынан чиркөөдөгү сыйынып аткандар чуркап чыгышты.

– Эмнеге ызы-чуу салып атасың?

– Менин эшегим айды жутуп салды!

Чогулгандар асманды бир, эшекти бир, көлмөнү бир карашып, өңгүрөп ыйлап койо беришти:

– Эшек айды жутуп койду, эшек айды жутуп койду!

Бул азалуу кыйкырык бүт айылга угулуп айыл башчысы, эл өкүлдөрү баш болуп бүт кыштак эли чогулуп келишти. Чиркөө ичине чоңдор шашылыш чогулушка жыйылып, эшекти соттоо тууралуу чечим чыгарылды.

– Айды жутуп алган эшекти алып келгиле! –  деген өкүм буйрук угулду. Эшекти жетелеп келишти.

Сурак башталды:

– Эшек, сен жуттуңбу айды?

Эшек куйругун көтөрүп айкырып жиберди.

– Мына айды жутуп жибергениңди өзүң моюнуңа алып жатасың! Эми биз кандай кылабыз, айсыз түндө кантип жүрөбүз? Караңгыда деген эч нерсе көрүнбөйт да!

Эшек кайрадан куйругун көтөрүп, айкырып жиберди.

– Аха! Сотту сен шылдыңдайт экенсиң да! Болуптур анда! Биз сени айды жутуп жибергениң аз келгенсип адилет сотту келекелегениң үчүн өлүм жазасына тартып, аны асуу жолу менен ишке ашырабыз!

Он мүнөттөн кийин эшек даракка асылды. Бирок соттоочулардын бири башын мыкчып, өкүнүчтүү үн салды:

– Достор! Биз кызматыбыздан кыянаттык менен пайдаланып жибердик! Бизге өлүм жазасын чыгарууга уруксат берилген, бирок өлүм жазасын аткарууга укук берилбеген. Бул укук билсеңер борбордогу жогорку сотко гана берилген. Анын ордунда мен болсом деле бул жерде азыр болуп өткөн окуя үчүн ачуум келмек! Ушу катабызды ал кечириши үчүн биз ага ар түрлүү үй канаттууларынын семиздеринен тартуу жиберебиз. Анан эшектин өлүгүн дагы борборго жөнөтөбүз. Жогорку сот эшектин ичинен айды кылдаттык менен алып чыгышы үчүн борбордун мен деген хирургдарынан чакыртат. Анан узун шатылар борбордон табылбай койбойт. Эгер ошондой шатылардын эң узунун борбордук чиркөөнүн мунарасына тике койсо, асмандагы ай турган орунга жетерине ишенем. Анан мен ойлойм, бир шамдагай жана жеңил уста табылып, эшектин ичинен чыккан айды ошол узун шаты менен чыгып барып ордуна кадап түшөт деп…

Муну жапырт колдошуп, баары ал айткандай жасалды.

Көп өтпөй айыл боюнча тандалып алынган он эки жаш жигит жогорку сотко тартууга берилчү тоок, өрдөк, каз, үндүк сыяктуу канаттууларды көтөрүп жолго чыгышты. Ушулардай эле он эки жаш жигит айды жуткан эшектин денесин узун шыпка төрт бутунан асып алышып, алардын артынан ээрчишти.

Айылдан эки чакырымдай өткөндөн кийин чытырман токой башталып, ал аркылуу кетип баратышкандарында, өлгөн эшек менен канаттуулардын жыты токойго таралып, ал жерди байырлаган карышкырлардын үйүрлөрү туш тараптан чогулуп, улуп-уңшуп, кутуруп кеткенсишип, ыркыраган бойдон борборго жиберилгендерге жакындаганда алардын үрөйлөрү уча, көтөргөндөрүн таштай салып, жарышкан бойдон качып келишти. Карышкырлар талап-булап эшектин сөөгүн гана калтырышты, тартууга жөнөтүлгөн семиз канаттууларды бүкүлү жутушту.

Кийинки күнү кечинде эч нерсе болбогондой балбылдай жанып, толук ай асманга көтөрүлгөндө айылдык соттор жана башка тургундар жеңилдене дем алышты:

– Өөх!.. Карышкырлар бизге жакшы жардам кылышты,– дешти алар.– Жогорку сот бирдеме десе эшекти карышкырларга шылтайбыз, ал кесепти асып өлтүргөнүбүздү эми эч ким далилдей албайт! Ал эми эшек жуткан ай болсо өзүңөр көрүп тургандай, карышкырлардан акылдуурак экен. Ал оңой эле бөрүлөрдүн азуусуна илинбей жарылган эшектин ичинен качып чыгып, өз ордуна кайтып келиптир. Ал тургай эшектин ичинде жатып ал тазара да түшкөн окшойт…

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)109
Наристе чакта көргөнүм79
Алия менен жылкы75
Жетим менен сыйкырчы жомок73
Акылдуу балдар46
Бир туугандар - Карагат тексти38
Көмөч нан (колобок) жомок30
Карышкыр менен эчки29
Акылдуу бала26
Карышкыр жана жети улак21

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *