Бир ирет токой аянтчасын кимибиз мурда айланып чыгабыз деп коён менен ташбака мелдеше кетет. Ташбака ордунан козголот, коён болсо: «Тезде, тезде, ташбака, барыбир мен сенден ашып кетем» деп бадал түбүндө кебелбей жатат.
Бирок ал текеберсинип жатканда, ташбака кыбыраса да – токойду айланып чыгар болуп калган экен. Коёндун шаштысы кетип ташбаканын артынан тызылдап чуркайт. Жетпейт. Кеч болуп калыптыр.
Болбосо коёндой күлүк жаныбар барбы, тек ал, жамбаштап жата берген – ташбакадан да артта каларын ойлогон эмес турат.
Кептин баары сүттө
Бир атчан өтүп баратат дейт. Анан эле алдындагы аты чалчык сууга келгенде тизелей калат. Эл көрүп турат. Үстүндөгү чабандеси жерге түшүп, аттан обочо тура калат. Ат чалчыкка оонайт. Айылдык тургундардын бирөөсү кыйкырат:
— Бу эмне шумдук? Жылкы баласы да ылайга ооначу беле, таңгалыштуу!
— Буга таңгалыштын кереги жок, – дейт анда чабандес, – бул ат кулун кезинде буйволдун сүтү менен тойгузчубуз. Ошон үчүн бул ылайлаган чалчык суу көрсө эле ушинтип оонаганын койбойт, – деген экен.
Жол боюнда таш бака
Жакшы