Мергенчи бир күнү кажырлуу капканды койду да, жанына көз кызартар чоң кесим этти таштап кетти.

Эттин жытын сезген ач түлкү шимшилеп жүгүрүп келип, этти жейин дейт, бирок ойлонот: «Йе, бул соо эмес. Мындай сулп эт талаада жөн эле жатканын өмүрүмдө көргөн эмес элем го». Тобокел кылгысы келбеген түлкү өз жолуна түшөт.

Алдынан карышкыр кезигип сурайт:

– Кандайсың, түлкү? Эмне маанайың пас?

– Чоң кесим сулп эт жатканын көрүп, жебей калганыма өкүнүп келатам. Орозо тутуп жүрбөймүнбү.

– А мен орозо тутпаганым жакшы болуптур, – дейт сүйүнгөн карышкыр. Дейт да сулп эт кайда жатканын сурайт.

– Мынабул жерделе жатат, – түлкү эт жаткан жерди көрсөтөт.

Ачкөз карышкыр этти баса жыгылары менен арткы буту капканга чабылып калат. Түлкү болсо этти илип кетет да жеп баштайт.

– Бул эмне кылганың? – карышкыр кыйкырат, – Сен орозо тутуп жүрөм дебедиң беле!

– Мен эми оозумду ача берсем болот, ай жаңырбадыбы,– деп этти жалмап койгон экен.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы49
Карышкыр менен эчки48
Акылдуу кыз жомок40
Акылдуу балдар33
Коён менен кирпи33
Карышкыр жана жети улак31
Акылдуу кыз28
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)28
Кичинекей жалбырак жөнүндө жомок24
Жаңы жылга даярдык22

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *