«Жакшылык кылсан ал өзүнө кайтат»

Жайдын ысык күнүндө баардык курт-кумурскалар чардап ойноп жүрүштү. Чегиртке да чептен-чөптү тандап, секирип ойноп жүргөн болчу. Бир убакта чегирткенин өзөгү өрттөнүп, аябай суусады. Ал суу ичкени дарыянын боюна барды. Мына эми ичейин деп эңкейээр замат тен салмактуулугун жоготуп, сууга кулап түштү.

Ал ошентип далай жерге чейин агып барды. Ары-бери секирип, чыкканга аракет жасады. Бирок такыр чыга албай койду. Айласы кеткенде бирөөлөрдү жардамга чакыра баштады. Ошол учурда дарыянын жээгинен коен өтүп бара жаткан эле. Ал кыйкырыкты укканда дарыяга карай чуркады. Дарактан бир бутак сындырып ала коюп чегирткеге узатты. Чегиртке жан талашып бутакка жабышты. Аны коëн тартып жээкке чыгарды.

Өлүмдөн куткарылганына сүйүнгөн чегиртке коëнго ыраазычылыгын билдирип, кудундай секирип талааны кездей кетти.

Эртеси күнү коён дагы ошол жерде бараткан эле. Бул убакта дарактын артында жашынып турган мергенчи мылтыгын так коëнго карай мээлеп жатты. Мергенчи мылтык менен эми коёнду атаарда чегиртке көрө калды да, мергенчиге тоскоол болуу максатында колуна секирип келип конду. Мергенчи колундагы чегирткени түшүрүү үчүн колун силкий бергенде мылтык асманга атылып кетти. Катуу мылтык үнүн уккан коён бир заматта алыс жакка качып кетти.

Мына ушинтип коёнго бир жан карыз болгон чегиртке, анын жанын куткаруу менен өз карызынан кутулуптур. Албетте, жакшылык эч качан жерде калбайт эмеспи…

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Карышкыр менен эчки44
Алия менен жылкы43
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор19
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *