Ит, мышык жана чычкан

Те илгери ит менен мышык, ал тугай мышык менен чычкан да чырдашпаган заман болуптур. Оболу кеп адамда экен: кожоюн бир күнү иттин ишенимдүүлүгүнө ыраазы болот да, анын короочулугуна ыраазычылык билдирип, мойнуна алтын каргы тагат. Муну көргөн мышыктын ичи тарыйт.

– Ушу кантип адилет болсун, – дейт мышык чычкандарга даттанып, – ит алтындан каргы тагынат деген не шумдук! Эми ага кудай берди, кожоюнга шыйпаңдаганын койбойт. А бизге ташжалак да буюрбайт будан кийин! Андыктан силер иттин алтын каргысын уурдап келгиле! – дептир.

Читать далее Ит, мышык жана чычкан

АЙБАНДАРДА ДА БАШМЫЙЗАМ БОЛУПТУР

Те илгери нелер гана болбогон! Айбандар Башмыйзамга ээ болгулары келет. Ким кимге башчылык кылуусу керектигин аныктап, алар да адам сыягы жашамак болушат. Ошентип Башмыйзам токуп бер дешип, Теңирге кайрылышат. Теңир Башмыйзамда баардык укукту бөлүштүргөн соң, документти карышкырга табыштап, айбандарга карышкыр өкүмчүлүк жүргүзмөй болот.

Читать далее АЙБАНДАРДА ДА БАШМЫЙЗАМ БОЛУПТУР

Акылдуу балдар

Илгери өткөн заманда бир абышка, кемпирдин Айгерим жана Арген деген балдары болуптур. Алар өтө тентек, ата энесин да, бири-бирин да укпаган бейбаш жана ынтымагы жок балдар экен.  Бир күнү алар ата энесинин айткандарын укпай, алыска ойноп кетип калышат.

Балдар кеч киргенин билбей адашып, караңгы коюу түндө  жарыкты издеп, өтө алыска кетип калышат. Таң аткыча уктабай абдан чарчашат.

Читать далее Акылдуу балдар

КУРДАШ ЧЫЧКАНДАР

Эки чычкан узак жылдар бою курбу-курдаш болгон экен. Бири тоодо, бири мунара башында жашаптыр. Бирок экөө бири-бириникинде мейманда болбоптур.

Тоодо жашаган чычкандыкында ун, талкан, эт-май толо, а мунара башында жашаган чычкан эптеп өлбөстүн күнүн өткөрчү экен.

Тоолук чычкан бир күнү мунара башындагы курбусун коноктоп, төгүлүп-чачылып сыйлап, көйнөк-көчөк берип узатат.

Читать далее КУРДАШ ЧЫЧКАНДАР

МЕКИЯН КОРОЗДУ КУТКАРГАНЫ

Мекиян жана короз болуптур. Мекиян жумуртка тууп, короз жем ташып, тоокко жапакеч экен. Ал дайым жем чукуп тапканда мекиянды чакырчу дейт:

– Ко-ко-ко, үрпөк баш, жем таптым!

Анын бу жолку тапканы борсойгон буурчак экен. Бирок короздун напсиси бузулат да: « Өзүм эле жутпасам, тоок муну жей албайт» — деп култ этип жутаарын жутуп, какап калат. Сулап жыгылып, буттары тырайып, дем алалбайт. Аны көрүп, мекиян жүгүрүп келет:

Читать далее МЕКИЯН КОРОЗДУ КУТКАРГАНЫ

ДЕРВИШТИН КЫЗЫ

Илгерки бир замандарда бир падыша жашаптыр. Анын баласы жок экен.

Бир жолу ошол падыша сейилдегени чыгат. Сейилдеп жүрүп булактын жанына токтоп, даарат алып, намаз окуйт. Анан караса эле жанына бир дервиш келип калыптыр.

Читать далее ДЕРВИШТИН КЫЗЫ

ЧОҢ АТА МЕНЕН НЕБЕРЕ

Илгери-илгери дейт, адамдар узак өмүр сүргөн доордо ыргалган токойго жакын айылда бир жакыр бүлө жашаптыр. Алар үч жан экен – чоң ата, ата, небере. Чоң ата ал-күчтөн тайыса да жүз жаштын чайын ичип, дайыма баласы менен небересине далай-далай канбулоон согуш окуялары менен узун өмүрдө көргөн-билгендерин баяндап отурчу экен. Жана да укмуштуу уламыш-жомокторду жобурап бергенин небереси кунт коюп тыңшачу дешет.

Читать далее ЧОҢ АТА МЕНЕН НЕБЕРЕ

Айдын кичинекей ханзаадасы

Актан  быйыл беш жашка чыгат. Ал өзү жакшы бала болгону менен түнү уктаганды аябай жаман көрчү.  Кеч киргенде ата-энесинен “Мен бүгүн уктабай эле коеюнчу”, —  деп сурана баштоочу.  Бирок Умай энелүү болгондон бери  түн киргенде төшөгүнө жатып, уктаганга шашылат.  Анткени  Умай эне ал уктап жатканында Айдан түшүп келип, анын жаздыгынын алдына сонун белектерди катып коерун билет.

Читать далее Айдын кичинекей ханзаадасы

БАЧА ПАДЫША ЖАНА КУМУРСКАЛАР

Зор өлкөдө Бача аттуу зобололуу падыша жашаптыр. Бир күнү ал көңүл жубатууну каалап, кең жайык жерди тандатып, укмуштуудай чоң той өткөрөт. Шаан-шөкөткө миң-миңдеген меймандар чакырылат. Ошол миңдеген адамдардын оозунан чубурган күрүчтөргө да эсеп жеткис болуптур.

Акыры ичип-жеп, чычкан коноктун баары кетет. Ал жерге ысырап болуп төгүлгөн күрүчтүн күкүмүнөн өйдө кумурскалар терип-жыйнап, жерге көмүп коюшат.

Көп өтпөй башка да бир зор өлкөнүн зобололуу падышасы ошол кең жайыктуу жерге келгенде тизгин тартып, той өткөн жерди тополоң-тозго айлантууну чечет.

Артындагы аскер кошууну да тизгин жыйган бул тегеректе бак-дарак жок, шылдырап аккан суу жогун көрөт. Арийне, баары ачка келаткан болучу. Кылкылдаган аскердин кесээрип ачка экенин көргөн кумурскалар баягы жашырып койгон бышкан күрүчтөр менен кошуундун аскерлерин тойгузуп чыгышат.

Ошондо кошуун башы кумурскалардан сурайт:

– О, кумурскалар, силерде бышырып даярдалган мынча күрүч кайдан?

Кумурскалар жооп кылышат:

– О, улуу урматтуу падыша, бул чөлкөмдө Бача аттуу дөөлөттүү, сөөлөттүү падыша жашайт. Жакында бу жерде ошол Бача падыша чоң той өткөргөн. Меймандар күрүч жеп кеткенден кийин биз алардын оозунан түшкөн күрүч күкүмдөрүн чогултуп, жашырып койгон элек.

Муну уккан падышанын оозу ачылып таңгалат:

– Байкашымча, бул падышанын аскери да, өлкөсү да күч-кубаттуу белем. Биз буларды жеңе албайт көрүнөбүз, андан көрө булар менен тынч болгонубуз оң.

Анын оозунан ушул кеп чыгаары менен аскер кошууну да тизгиндерин кайра артка тарткан экен.

Ак эмгек – даамдуу нан

Илгери, бир үй-бүлө жашаптыр. Ак эмгек менен нан таап, эл катары оокат кылып күн көрүшөт. Балдары чоңойгон сайын кем-карчтары көбөйүп, жашоолору оорлой баштайт. “Буйруса, балдарыбыз эр жетсе колубуз узарып, жашообуз оңолот”, — деп келечектен үмүттөрүн үзбөгөн ата-эне, балдарына  жакшы тарбия бергенге аракет кылышат. Эмгек кылууга, ак эмгек менен нан табууга үйрөтүшөт. Бирок ар баланын ар кыял-жоругу болот тура.

Читать далее Ак эмгек – даамдуу нан