Өткөн заманда бир кемпир-чал жашаптыр. Алардын жалгыз уулу болгон экен. Уулун жаңыдан эле үйлөнтүп, келиндин ысык чайын ичип, нанын жеп, сый көрүп отурар кезде карыя катуу ооруп калат. Көп өтпөй абышка көз жумду.

Эне жана бейиштин мөмөсү 2

Мезгил зымырык куштай өтүп жатты. Кемпир карылыкка биротоло моюн сунуп, келин-уулунун колун карап отуруп калды.

Келини өз убагында тамагын берсе берип, бербесе ачка калтыра турган болду. Кемпир көргөн күнүн уулуна айтайын дейт, бирок мерез келини уулун да кууруп-жеп, экөөнүн турмушуна зыяным тийип калбасын деп унчукпайт.

Кемпир бара-бара өңдөн азып, алдан тайып, сыртка кирип-чыга албай калды. Кошуналарына барып, ал-жайын сурашканга да алы келбеди. Кемпирдин акыбалын көргөнү келгендерди келини жактырбай, кагынып-силкине бергенинен улам кошуна-колоңдору да чочулап, кийинчерээк каттабай калышты.

Ошентип, кемпир ооруга чалдыгып, төшөккө жатып калат.

Дагы эле уулунан келининин кылыгын жашырып, ал жөнүндө жаман сөз айтмак тургай, кайра мактап, бул кесел өзүнүн карылыгынын кесепети экенин айтат. Акыры ал ушул тагдырына моюн сунуп, эмнеси болсо да уулунун турмушу бузулбаса экен, ‒ деп Кудайдан тилейт.

Бир күнү кемпир төшөгүндө жатып, жамынчысын оңдоюн деп колун сунса, тарамыштуу териси шалбырай түшкөн, тамырлары көөп кеткен арык манжаларына катуу бир нерсе урунат, оозуна салса, даамы ширин нерсе экен. Чайнап жегенге тиш кайда? Эрдин кемшеңдетип, соруп жатты.

Ошол түнү анын ичер суусу, көрөр күнү түгөнүп, о дүйнө кете берет. Кемпирди жээк-жааттары, тууган-туушкандары аруу жууп, сөөгүн жерге беришет. Бүт арманы, таарынычы, кубанычы кемпирдин өзү менен кошо кетет.

Арадан бир нече жыл өткөн соң, жаз алды менен кемпир коюлган мүрзөдөн бир жашыл көчөт өнүп чыгат. Көрсө, карыган эненин оозунда кеткен жемиштин данеги жарылып, көктөп, мүрзөнүн топурагын жарып чыккан экен.

Ал кийин чоң даракка айланат. Анан жыл сайын шагы ийилген мөмөсүн адамдарга тартуулап, ошо тирүү кезинде көкүрөгү арманга толтура кеткен кемпирге сооп алып келет.


Мүрзөдөн өсүп чыккан бейиштин мөмөсүн көргөн эл аны өрүк деп атай башташат. Жыл сайын эзилген мөмөсүн жеп, анын керемет ширин даамы эле эмес, дарылык касиети да бар экени билинип, кийин далай жерге кабары жетет. Анан ал жемиш көп ооруларга дабаа, дары катары колдонгонун билгендер данектерин алып, короолоруна эгип, көчөттөрүн өстүрө баштайт.


Жаздын мээрим чачкан күндөрүндө апакай гүлдөрдүн тегиз ачкан өрүкзарлуу Баткен аймагы, көңүл кушун көкөлөтсө, жайкысын береке чачкан токчулуктун асыл мөмөсүн берип, бүгүнкү күнгө дейре элге ырыскы болуп келет.

Эне жана бейиштин мөмөсү 3

Бул уламыш Баткен чөлкөмүндө илгертен бери атадан уулга, энеден кызга айтылып келаткан мурас экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы65
Акылдуу кыз жомок47
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок32
Коён менен кирпи25
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Акылдуу балдар20
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу кыз18
Кырк калп жомок15

Эне жана бейиштин мөмөсү: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *