«Тек жүрсөң тең жүрөөрсүң, шок болсон жок болоорсун»

Илгери-илгери Африканын түнт токойлорунун биринде бир чон пил үй-бүлөсү менен жашаган экен. Бул үй-бүлөнүн эң кичинекей аябагандай өжөр, тентек, эрке баласы болуптур. Ал өзү жашаган жерди жактырбай башка жаныбарлар сыяктуу болууну каалачу. Бир жолу анын үй-бүлөсү токойду аралап келүүгө жөнөп калышат. Атасы булар менен барбай турганын сезген тентек уулуна:

— Уулум, жур токойду аралап кооз жерлерди көрүп келебиз,- дейт. Баласы болсо атасына:

— Жок, мен силер менен барбайм — деп өжөрлөнүп башын чайкайт.

Анда апасы: — Келегой уулум, бирге барып келели, — деп суранат.

Тентек пил апасына да: — Жок, барбайм — деп кежирленип жатып алат.

Кичинекей тентек пилдин атасы менен апасы айлалары кок аны үйгө калтырышып, өздөрү жөнөп кетишет. Ошентип алар кеткенден кийин кичинекей пил үйүнүн жанында жалгыз өзү ойной баштайт. Пил ойной берип, ойной берип, кыры жалгыз ойногондон жадап:

«Менин такыр пил болгум келбей калды. Кичинекей пил болгон кандай жаман» деген ойго келет.

Ал оюнун артынан дагы «Мен деги эмне болсом экен… деп ойлоно баштаган учурда секирип ойноп жүрген жейренди көрүп калат. Аны көргөн кичинекей пил дароо: Ии ооба, мен жейрен боло алам» деген чечимге келет.

Анан ал жейренди туурап, секирип, ойноп кирет. Бирок анын тартайган буттары жана калың таманы секиргенге ынгайлуу болбогондуктан заматта эле башы менен жерге сайылып кулап түшөт. Ошентип тентек пил секирген сайын кайра-кайра эле жыгыла берет.

Акыры жаны кыйналган кичинекей пил: «Жейрен болгон мынчалык деле кызыктуу эмес тура… Койчу мен жейрен болбойм… деген жыйынтыкка келет.

Ошентип ойноп жүрүп тентек пил үйүнөн алыстай баштайт. Жолдо баратып маймылдар жашаган жерге туш келет. Ал маймылдарды карап туруп анан:

— Ии билдим, билдим, мен маймыл боло аламын» дейт да, ары-бери бактан бакка секирип ойноп жүрген маймылга кайрылып:

-Эй! Мен дагы эми маймылмын! — деп кыйкырат. Муну уккан маймылдардын баары кичинекей пилдин жанына топтоло калышат. Алар өздөрүнчө оюн салышып, бирөөсү тентек пилдин үстүнө секирип, кимдир бирөөсү кулагынан тарткылап, кимдир бирөөсү башына жангак ыргытып ойной башташат.

Мындай баш-аламандыктан тажаган тентек, кичинекей, өжөр пил алардын арасынан аран качып чыгат.

Ошентип маймылдардан зорго кутулган тентек пил андан ары жолун улайт. Жолдо баратып түркүн-түстүү кооз бактагы дарактарда ары-бери учуп жүргөн тоту күштү көрөт. Бул тоту куш ага аябай жагып калат. Тентек пил ага кайрылып:

-Ээй, мен да тоту куш болгум келип жатат. Мага да уч канды уйретчу?.. — деп суранат асманда учкан тотуну анырая карап. Анда тоту куш кубанычтуу сезим менен кичинекей пилдин каалоосун кабыл алат да:

— Албетте үйрөтөмүн. Жүр экөөбүз бир жака барабыз, -дейт

Ошентип алар ээрчишип алышып көл жээгиндеги аскага барышат.

Пил болсо эптеп-септеп аскага бышылдап-күшүлдөп деп чыгат. Ал эми тоту куш аны жогору жактан күтүп алат. Анан экөө учууга даярданышат.

Бир маалда тоту куш:
«Учтуук… деген бойдон канаттарын каккылап учуп кетет. Кичинекей тентек пил болсо учканга камынып эки бутун эки жакка керет. Бирок балпайган денеси жерден көтөрүлмөк тургай кайра ылдый кулап, көл четиндеги балчыкка «балп этип сайылып калат.

Баткакка башы тыгылган тентек пил аябай коркуп кетет да, арандан зорго жан талашып балчыктан чыгат. Денесинин баары баткак болгон тентек пил эптеп-септеп кыбырап отуруп уйүнө келет.

Ошентип чарчаган, курсагы ачкан, бүткөн бою ооруган кичинекей пил аягында: «Охх! Мен пил бойдон эле калганым жакшы экен го… деген чечимге келген экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)492
Акылдуу кыз жомок208
Чыпалак бала162
Балаты136
Эки чычкан122
Чабалекей менен жылан85
Алтын бычак (казак эл жомогу)82
Казан куйрук (казак эл жомогу)82
Үч көпөлөк (немец жомогу)67
Эки бир тууган61

Один комментарий к “Тентек пил”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.