Толубай сынчы жомок

Толубай сынчы жомок 3Илгери бир кан казатка аттанмакчы болуп: «Жылкыдан ким тулпар тапса,самаганын берем, эгер жанылса, көзун оем »,- деп жар чакыртат. Элден эч сынчы чыкпайт. Кандын вазирлери сынчы издеп таба алышпай тала менен келе жатышса, жардын тубундө бир чал алдына аттын куу башын коюп алып: «Сенин тулпарлыгынды ким билет,менин сынчылыгымды ким билет?» — деп күңгүрөнүп ыйлап олтурат

Кандын вазирлери чалды канга алпарып,талаадан уккандарын айтышты эле, канн алы-жайын сурап олтуруп:

«Сынчы экенин чын болсо, менин жылкымдан тулпар таап бер, эгер жанылсан, козунду оем» , — деп шарт койду.

Эртеси жылкыларды астынан бирден чубатып айдатып , Толубай менен канн бийик мунарага чыгып турду.

Туура уч кун бою кулуктор чубап отуп турду, бирок сынчыга бири да жакпады. Акыркысы болуп устуно жибектен уртук жабылган кандын тулпарлары отту эле, канн:

«Сынчым, буларга эмне дейсин?» — деп караганда «тулпар эмес» деп башын чайкаган дейт.

Ошентип сынчынын алдынан отпогон бул олчомдо бир да жылкы калбаптыр, бирок сынчы бирин да жактырбай, тура бериптир. Ошондо кандын ачуусу келип:

«Эми кимдин аты калды?» — деп сурады.

Кандын вазирлери: «Бир кедейдин жонунан тамтык жок жаман чаар аты калды» , — деп жооп беришти.

Кан: «Апкелгиле аны» ,- деп буюрган сон, жигиттери жаман чаарды жетелеп келишти.

Кырк жеринде жору бар, аран басып жаман чаар откондо, сынчы кубанганына чыдабай: «Каным. мына тулпар! » — деп кыйкырып жиберген дейт.

Ага кандын ачуусу келип: «Мени шылдын кылган наадандын козун ой!» — деп буйрук бериптир.

Желдеттер келип, Толубайдын козун оюп салышат. Толубай козун басып туруп: «Каным, жарлыгын бир, бирок коз кунуна ушул чаарды бериниз» , — деп сураганда, канн «бергиле» деген белгини берип, басып кеткен экен.

Толубай жаман чаарды жетелеп кемпирине барып, алиги атты кырк бир кун жер алдына баккан дейт. Олчоосу менен жем берип, убагы менен сугарып, кырк бир кун болот дегенде алдына кемпирин мингизип, артына озу учкашып бастырып чыккан экен.

Ошондо кемпири менен сейилдеп келе жаткан баягы кандын алдына аттын оозун тарттырып туруп: «Ээ каным, баягы жаман чаарга жигит болсон, жетип ал!» — деп, аттын оозун кое бердирген дейт. Канн ызасына чыдабай сан жигити менен кууп жоноптур. Бирок кандын тулпарлары ошол замат эле караандабай калыптыр.

Толубайлар журуп отуруп бир кундук жерге кеткенде алда кайдан бир аттын дубурту угулуптур.

«Кандай ат экен?» — дегенде: «Керчунак деген тулпар окшойт», — деп, кемпири жооп берет.

Анда Толубай: «Аны кудай ала койсун, жука мээ арам корунду эле, кунго тарт» — дептир.

Кемпири кун жакка салганда, Керчунактын мээсине кун отуп, алда кайда кала берген дейт.

Экинчи кун откондо дагы бир дубурт чыгат.Толубай биле коюп: «Бул кайсы экен?» — дегенде, кемпири: «Керкашка деген тулпар окшойт» , — деп жооп бердиэле:

«Аны кудай ала койсун, жука туяк немее корунгон эле, таштакка сал» ,- деди.

Айтканындай Керкашка бир аз эпкиндеп келип, ташыркап журбой калды.

Булар уч кундук жерге жеткенде, тан алдында жана бир укмуштуу аттын дубурту чыгат.

Толубай: «Бул кайсы экен?» — дегенде, кемпири карай салып: «Телкызыл деген тулпар окшойт», — деди эле, Толубай: «Анык тулпардын бири ушул Телкызыл корунду эле.

Озу уч асый гана жашы бар. Сырт жагында айыбы жок. Бирок буга макоо жарашпайт. Барлык жагы келишкен менен макоо которо албай турган корунду эле, аттын башын тике мандайга тарт, мактоо салайын», — деди. кемпири аттын башын бурар замат Толубай:

«Ай жаныбарым, ай, сендей да тулпар туулат экен ээ, сынын не, сымбаттуу коркун не? Жарыктыктын чуркашы Пай, пай, пай» — дегенде Телкызыл алда кайда кала бериптир.

Телкызылды минген кандын озу экен. Ошондо Толубай бурулуп туруп: «Каным эч жеринин айыбы жок тулпар тап дегенинди эки кылбай таап бергенимди биле албадын.

Тулпар кадыры менен сынчы кадырын билмек кайда! Шерт- мойнунда, кайыр — элде» , — деп, аттын оозун кое Берген экен. Акыры анын тулпары жерди бут айланып, анан кыр ашып, бир денизге тушуп олгон экен дешет.

Кыргыз элиндеги «сынчы болсон – Толубайдай бол, ырчы болсон – Токтогулдай бол» деген ылакап ошондон калыптыр.

Толубай сынчы поэма

Алыкул Осмонов

Толубай сынчы жомок 4

Бир койчу ээн талаада коюн жаят,
Колунда жан жолдошу ыргай таяк.
Олтурган баш кучактап, чалды көрөт,
Жаш төгөт бул эмне үчүн, эмнени аяп?

Качанкы күнгө какшып куурап калган,
Белгисиз өлгөн башты таап алган.
Жашынып койчу келип карап турса,

Чал ыйлайт кудайга айтып мындай арман.

Толубай сынчы экенин сен билсеңчи,
Жаныбар тулпардыгың мен билсемчи,
Аттиң ай, колдо болуп өзүм таптап,
Эликкен казат издеп эр минсечи.

Кеч кире койчу айлына кайтып барды,
Ханына көргөнүн бүт айтып барды.
Тарттырып сурнай, керней журтун жыйнап
Табууга Толубайды хан жар салды.

Бир тарап багыт алды түштүк жакка,
Бир тарап түз бет алды күн батышка.
Күң дебей, малай дебей баары аттанды
Саналуу хан көңүлүн тындырмакка.

Эртеси Толубай сынчы өзү келди,
Таксыр хан, Толубай деген менмин деди
Эмесе Толубай сынчы, сынчы болсоң,
Жылкымдан тулпар тандап бергин деди.

Хан айтты тулпар тапсаң такка коём,
Көңүлүңдү тындырамын эмне ойлосоң.
Сыныңдын бир жеринде айып болсо,
Билип кой муну дагы, көзүңдү оём.

Тактыда хан жанында Толубай турду,
Жүз-жүздөп нечен миңдеп мал чубурду.
О, кокуй бул миң санда бир тулпар жок,
Жактырбай Толубай сынчы башын бурду.

Бир өттү өңкөй чүрөк жээрде кашка,

Көк, кызыл аргымактар башка-башка,
Өңкөй боз, өңкөй жээрде бөлөк өттү
О, кандай, өңкөй күлүк шатырашса.

Толубай мал санына таң калган жок,
Өткөндүн бирине да караган жок.

Хан айткан тапкын деген тулпардыкка
Жылкыдан бири дагы жараган жок.

Күлүктөр сынчы астынан өтүп жатты,
Башталган таң азандан, күн да батты,

Мына эми хандын өзү тулпар деген
О, чиркин дүйнөдө жок түр келатты.

Ар бирин кырк жигитке жетелеткен,

Кырк жигит баласындай эркелеткен.
Жылкы эмес бул жаныбар тарткан сүрөт,
Дешти эл заяпкери ким болду экен.

Өтөрдө: «О, жигиттер, токтот бери!»

Деди да хан тактыдан түшүп келди.
Миң-миңден жактырбадың баракелде,

Кана эми сынчым сынап кара деди.

О, таксыр көп ичинде өтө берсин,
Макоолор сулуу, сымбат көркүнө эрсин.

Мен билген бир кедейдин чаар аты бар,

Бир гана ошол калды кошо’ келсин.

Бир убакта чаар ат өттү, кейпи эшек,

Баса албай мүдүрүлөт кезек-кезек,

О, бали ай, мына таксыр тулпар деди
Биз мындан жаңылбаспыз тулпар десек.

Жаңылды акмак сынчы,— деди калкы,
Заардуу хан сынчыга ачууланды.
Булгадың кудай берген дөөлөтүмдү,

Деди да эки көзүн оюп алды.

Толубай ойгон көзүн басып туруп,

Ичинен кан аралаш жашып туруп,
Таксырлап ханга мындай бир сөз айтты,
Салайык калың журт да турду угуп.

Таксыр хан өрүшүңө тулпар толсун,

А, кудай дөөлөтүңө бакты консун.
Сурарым чаар эшекти мага бердир
Мейли эми эки көздүн куну болсун.

Сынчыга хан өкүрүп алгын деди,

Толубай өз жолуңа баргын деди.
Мактанып: акмактар да билип жүрсүн
Ушундай бир сөздүүлүгүн хандын деди.

Ушинтип шордуу Толубай азап тартты,
Сокурлук соо жүрөктү жаралантты.
Бирок да сынчылыкты көрсөтүүгө
Чаар атты жер алдында багып жатты.

Ай тур деп кемпирине жем бердирет,
Көңүлүн убак-убак желдендирет,

Чаар аттын түлөй баштап эшек жүнү
Кулпурган ар күн сайын түргө кирет.

Толубай чаар ат күчкө толду деди,
Чаар ат чаар тулпар болду деди.
Кемпирим эртең узак жол тартчу күн,
Жаңылбай жакшы кара жолду деди.

Эртеси кемпири экөө таңда ойгоно,
Азапсыз муңдуу аткан таңды ойлоно,
Учкашып чаар тулпарга сыртка чыкты,
Табыты туура кырк бир күн болгондо.

Келаткан сан кол менен чалып чалгын
Толубай тосуп чыгып хандын алдун,
Рахмат таксыр ханым эшегиңе,

Эшекти тулпар менен жетип алгын.

Чу деди чаар тулпар зымырады,

Туяктан үйдөй таштар быркырады.
Жигиттер бул эмне дейт кармагыла,

Сан күлүк кой изиндей тапырады.

Учкашкан Толубай сынчы өзү алдына,
Деп коёт: Толубай сынчы ур такымга.
Камчы урса чаар тулпар арка керип,

Бир гана аяк таштайт бута атымга.

Толубай күндүк жерге жеткен кезде,
Тулпардан тер аз-аздап кеткен кезде
Толубай чал уга калды ат дүбүртүн
Бул укмак күтүлбөгөн жок эле эсте.

Кемпири кудай кандай балаа деди,
Сынчы анда бул эмне экен кара деди.
Капырай жетип келип калган тура
Кадимки Жээрде кашка деп жооп берди.

Кемпирим жолдон чыгып таштака сал,

Деп койду шашпай гана Толубай чал,

Атагы Жээрде кашка болгон менен
Билчү элем ташка түшсө аксагы бар.

Айткандай жолдон чыгып ташка салды,
Үйдөй таш адетинче талкаланды.

Чын эле башын силкип Жээрде кашка
Жүрө албай ошол жерде аксап калды.

Толубайлар күндүк жерге жеткен кезде,
Тулпардан тер тамчылап кеткен кезде,
Толубай чал ат дүбүртүн уга койду
Бул укмуш, күтүлбөгөн жок эле эсте.

Кемпири кудай кандай балаа деди,
Сынчы анда: бул эмне экен кара деди.

Капырай жетип келип калган тура,

Кемпири: Кызыл тору деп жооп берди.

Кемпирим жолдон чыгып өргө салгын,
Тулпарды мээге тийген күнгө салгын.
Атагы кызыл тору болгон менен
Жука мээ билем анын ата салтын.

Айткандай жолдон чыгып күнгө салды,
Өчөшүп чаар тулпар өрүшкө алды.

Чын эле сынчы айткандай мээси кайнап,
Бышкырып чуркай албай жолдо калды.

Үч күндүк жолго булар жеткен кезде,
Тулпардан тер жамгырдай кеткен кезде,
Толубай чал ат дүбүртүн уга койду
Бул укмуш күтүлбөгөн жок эле эсте.

Кемпири кудай кандай балаа деди,
Сынчы анда бул эмне экен кара деди.
Капырай жетип келип калган тура,

Кадимки Көк желмогуз деп жооп берди.

О, кемпир, Көк желмогуз өзү тура,
Жүрө бер ушул жолдон четке бурба.
Жука мээ, жука туяк оорусу жок,

Айып жок көрүндү эле деди мында.

Тулпарды бекер кыйнап салба терге,
Токтоткун күтөлүчү түшүп жерге.
Кадимки жайдак тору өз атасы
Мактоого жүрбөй калат дешчү эле.

Ошондо Толубай жерге жата калып,
Дүбүрттү угуп турду кулак салып,
Тулпарга тулпардыгын көрсөтүүгө
Чаар ат жерди чапчыйт ызаланып.

Желмогуз аркан бою келип калды,
Зыпылдап төрт аякты керип калды.
Ошондо тура калып Толубай сынчы
Мындай деп Желмогузду мактап салды.

Ассалоома алейкум, Көк желмогуз,

Мынчалык күйүп бышып не болгонсуз.

Жарыктык чабышыңыз чабыш экен,

Зыпылдап жаа огундай жел болгонсуз.

Ой, бали ай, Көк керемет мүчөңүз ай,

Ой, бали ай, учканын көр канат жайбай.

Эки көз, эки кулак кайдан бүткөн,

Төрт аяк, куйрук, жалың пай, пай.

Жаныбар Көк керемет өзү жакшы ат,

Жарыктык сөзгө келгин токто так, так!

Дегенде Көк желмогуз дердеңдеди,

Жүрө албай ошол бойдон калды аксап.

Толубай Чаар тулпарга ыргып минди,

Кемпирим жүр жөнөдүк ал тизгинди.

Мына эми арга келди Чаар тулпар,

Жер дүйнө көзгө илешпей чимирилди.

Тулпардын кызыганда бир адаты,

Жайылып учкан кезде кош канаты,

Кемпирим анда эч жерге токтолуу жок,

Деди да Толубай сынчы бир сөз айтты.

Эрким жок жүрөктө ар өзүмдү алар,

Эч ким жок Толубай сынчы сөзүн алар,

Жерим жок Чаар тулпар сени сактар,

Элим жок Толубай сынчы өзүңдү алар.

Зыпылда, учсун тулпар кош канатың,

Алмашып нечен түндөр, таң дагы атсын,

Өлсө өлсүн, Толубай сынчы атым өлсүн,

Бир сенин Чаар тулпар атың калсын.

Баркыңды Толубай сынчы билишкен жок,

Калың журт бир сөзүңдү илишкен жок.

Кайран көз далай күлүк таптар эле,

Таптаган тулпарымды минишкен жок.

Мейли эми көрбөгөн жан аман болсун.

Жаштарда Толубай деген арман болсун,

Санчы эле, о чиркин деп айтып калар,
Толубай арт жагыңда заман болсун.

Замандан четтеп калдык бир жазасыз,
Жолуңар болсун деген, же батасыз,
Кемпирим, Чаар тулпар, Толубай сынчы
Максатсыз учуп кетип баратабыз.

Сапарды жин, перилер тегеректеп
Тулпарды мокотууга жарга кептеп,
Аскадан же деңизге түшүп кетип,
Ошентип Толубай сынчы өлсө керек.

15/VI—1937-ж.

Жети-Өгүз

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.